AUCA the best 2

2025-10-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте мектептерде боло турган теракт тууралуу жалган маалымат тараткан окуучу аныкталды

“Тик-Ток” аркылуу Бишкектеги мектептерде боло турган теракттар тууралуу жалган маалымат тараткан мектеп окуучусу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

1046915167.jpg

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-ноябрында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда, Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@krasty.mshn” аккаунтундагы “Тик-Ток” интернет тиркемесинин колдонуучусун тапкан.

“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган, 2009-жылы туулган Т.А.Ч. болуп чыкты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт КР Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда КР УКМК Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК бейбаштык максатта же кандайдыр бир шылтоолор менен өз аракеттериңиздин олуттуулугун толук түшүнбөстөн, боло турган террористтик акт тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу менен коомдук коркунучту жаратып, калк арасын дүрбөлөңгө салып жатканыңызды, биздин өлкөнүн тургундарына жана конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратып, олуттуу күч-аракетти, акчаны жана убакытты коротуп жатканыңызды, ошондой эле, мекемелердин, транспорттун иш тартиби бузуп жатканын белгилейт.

Мындан тышкары, мындай билдирүүлөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын көңүлүн терроризм актыларын жасоонун реалдуу коркунучу болгон учурлардан алагды кылуу коркунучу бар. Жазык кодекси мындай “тамашаларды” кылмыш катары квалификациялайт.

КР УКМК террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын эскертет.

Булак: Кабар

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2