AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалды

Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды.

aec78145-7aed-44b0-9dec-dd0c7ca6116f.jpg.850x445_q82_crop.jpg

Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. УКМК кайсы талапкер экенин ачыктаган эмес. Расмий маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин негизинде ("Шайлоочуларды сатып алуу") Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Атайын кызмат шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда кармалган адам Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча талапкерлердин биринин С.М.О. аттуу ишенимдүү адамы экенин билдирди.

"Кандидаттын жакын тууганы болгон С.М.О. шайлоо мыйзамын бузуу менен Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө соттун санкциясы менен акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Кармалган кишинин унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты алынган", - деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Шектүү сурактын жыйынтыгы менен Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМК депутаттыкка талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдары жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 158 факты катталганын билдирди. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2