AUCA the best 2

2024-05-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте тукумсуздукка байланышкан эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бишкекте “УЗИ диагностикасынын жана эндоскопиялык технологиялардын адамдын тукумсуздук проблемаларын чечүүдөгү ролу” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Бул конференция Салымбеков Университети жана DOC university clinic тарабынан уюштурулган.

WhatsApp_Image_2021-11-12_at_13.09.23.jpeg

Конференция координацияланган жумушту уюштуруу жана Кыргызстанда көмөкчү репродуктивдүү технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, гинекология, урология, репродуктивдүү медицина жана УЗИ диагностикасы жаатындагы дарыгерлердин билиминин кеңейтүүгө багытталган. Конференция Казакстандан жана Германиядан келген дарыгерлер катышуусунда өттү. Биринчи күнү чет өлкөдөн келген дарыгерлер менен бирге оорулууларга операциялар жасалды. Бул операциялар онлайн трансляциялоо аркылуу коомчулукка көрсөтүлүп турду. Экинчи күнү 120дан ашуун дарыгерлердин катышуусунда конференция өтүп, коноктук лекциялар уюштурулду. Ошондой эле тармактар боюнча талкуулар жүрдү.

DOC university clinic жеке клиникасынын башкы директору Чынгыз Иманалиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Биздин бүгүнкү иш чарабыз тукумсуздукка арналды. Муну репродуктивдүү медицина деп койот. Ушул теманын алкагында биз эл аралык практикалык конференция өткөрүп жатабыз. Бул конференцияга чет өлкөдөн дагы лекторлорду, конокторду чакырдык. Бул иш-чара эки күн бою уланып жатат. Кечээ биздин клиниканын базасында репродуктивдүү медицина боюнча алты операция жасалды. Бүгүнкү күндө тукумсуздук темасы абдан актуалдуу болуп жатат. Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө да абдан актуалдуу маселе. Ошон үчүн ушул теманы биз эл арасында жайылтырып, тажрыйба алмашуу иретинде ошол чет өлкөдөн лекторлорду чакырып, биздин гинеколог врачтарды, узисттерди, урологдорду чакырып, үч адистин башын бириктирген коференция уюштуруп жатабыз. Бул конференцияда абдан кызыктуу докладдар болду. Чет өлкөдөн келген коноктор тукумсуздукту жоюу боюнча, ошондой эле кандай дарылоо түрлөрү бар, операция жолу менен жана эко жолу менен кандай балалуу болсо болот деген проблемалардын айланасында талкуу болду жана ошолордун даарылоо жолдорун айтып беришти. Чет өлкөлөрдө Кыргызстанда жок нерселерди жасашат. Ошолордун тажрыйбасын алып биздин дагы врачтарга жайылтуу аракети болуп жатат. Илим өнүкмөйүнчө медицина дагы өнүкпөйт. Ошон үчүн биздин врачтардын илимин жогорулатуу үчүн ушул конференцияны уюштуруп жатабыз. Биздин максатыбыз кыргыз элинин ден соолугу чыңдоо. Врачтардын билим деңгээли төмөн болсо алар эч кимди даарылай албай калышат. Кыргызстанда бул тармак абдан ылдый деңгээлде деп ойлойм. Врачтарыбыз көп, бирок бул тукумсуздукту көп кишилер ойлошот жөн эле даарылар менен жойсо болот деп. Жок бул андай эмес. Абдан көп операциялар жасалат. Гинекология дагы диагностика дагы төмөн деңгээлде, анткени мунун баардыгы тең медициналык техникага байланыштуу. Биздин жеке менчик клиникабызда финансылоо жакшы болгону учүн бизде бардык технологиялар, аппараттар, жабдуулар баары бар болгондуктан көбүнчө эндоскопиялык жабык операциялардын бардык түрлөрүн жасайбыз. Кечээ башка өлкодөн келген врачтар дагы өз баасын беришти. Жаңы деңгээлге көтөрүлөлү деген ой бар”.

 

WhatsApp_Image_2021-11-13_at_20.26.42.jpeg

Жалпы хирург, DOC university clinic клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы  Кирилл Мазазолин конференцияда ашыкча салмактын ткукмсуздукка тийгизген таасири тууралуу доклад жасады. Ал маегинде акыркы убактарда көбүнчө арыктоо операцияларын жасагандыгын жана негизинен хирургияга тиешелүү бардык кызматтарды көрсөтөөрүн айтты. “Бул иш чара аялдын репродуктивдүү системасы, башкача айтканда, тукумсуздук жөнүндө. Тукумсуздук азыр чоң көйгөй. Бул Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө абдан кеңири таралган. Бул жерге Казакстандан жана Европадан келген адистер жана биздин адистер чогулушту. Биз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бул көйгөйдү кандай жолдор менен чечүүгө болот, аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып, биздин клиникада операциялар жасалды. Биз көйгөйлөрдү консервативдик жол менен чечип, зарылчылыкка жараша операцияларды да жасадык. Операцияга жеткизбеш үчүн аялдар да, эркектер да дайыма текшерилип турушу керек. Кош бойлуулук көйгөйлөрүндө жуптар дайыма бирге текшерилиши керек. Биздин клиникада андролог, гинеколог, хирургдар бар. Кыргызстанда биздин жеке клиникада бардык жабдыктар бар. Аларды чет өлкөдөн сатып алабыз жана чет өлкөдөн адистерди чакырабыз, тажрыйба бөлүшөбүз, алар бизге үйрөтөт, биз аларга үйрөтөбүз”- деди ал.

Салымбеков Университетинде клиникалык дисциплина кафедрасынын башчысы, илимдин кандидаты, уролог Нурбек Монолов:

Биз, университет болгондон кийин врачтардын тажрыйбасын ар дайым көтөрүп турушубуз керек. Ошондуктан ай сайын ар кандай темаларада эл аралык конференцияларды өткөрүп турабыз. Бул жолу тукумсуздук проблемасын көтөрүп тажрыйба алмашып жатабыз. Тукумсуздук деген эки кишинин  проблемасы да, аял жана эркектин. Ошондуктан урологдорду жана гинекологдорду, узисттерди, рентгенологдорду жана студенттерди чакырдык. Иш-чара “жандуу хирургия” деп аталат. Оорулууларыбызга бир катар операцияларды жасадык. Казакстандан жана Германиядан келген врачтар бизге өзүнүн тажрыйбасын көрсөтүштү. Биз аларга өзүбүздүкүн көрсөттүк. Бүгүн ошонун теориялык бөлүгү болуп жатат. 120дан ашык киши катышты. Лекциялар, докладдар окулуп, талкуулар жүрүп жатат. Кыргызстанда биздин клиника технологиялык лидер болуп эсептелет. Хирургия боюнча эң керектүү, эң кымбат аппараттар бар жана ошондой эле кадрдык жактан да күчтүү. Заара таштары жана аденома боюнча дүйнөдө кандай операциялар жасалса баарын бул жакта да жасайбыз.

Эскерте кетсек, бул конференция 11-12-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү. Конференцияга Казакстан жана Германиядан келген даарыгерлер, 120дан ашуун жергиликтүү гинеколог, уролог, узисттер жана студенттер катышты. Конференциянын алкагында тукумсуздукка байланышкан оорулар, алардын алдын алуу жана даарылоо жолдору тууралуу докладдар жасалып, талкуулар болду.

WhatsApp_Image_2021-11-12_at_12.57.28.jpeg

WhatsApp_Image_2021-11-12_at_12.57.30.jpeg

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2