AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларга Баткен облусуна инвестициялоону сунуштады.

b90972f4-5015-44b2-b98a-ba9a8ecd1357.jpg

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.

Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштерин кошумчалады.
Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Ал түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргызстанда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биздин өлкөгө кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестициялай алышарын жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдоно алышарын белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.

Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-инвестициялык мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Жолугушуу жүрүшүндө Түркиянын бизнес-коомчулугу инвестициялык кызматташтыкты өстүрүү жөнүндө өз көз караштары менен бөлүшүп, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу артышты.
Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2