2024-12-28
Түрмөк
Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катышты
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Жыйында терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча пикир алмашуу болгон. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери, Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.
Ооган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.