AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров 11-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.

1051734891.jpg

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, алдыда өтүүчү саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документин, ошондой эле уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.

Жаңы аталыш уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында уюмдун жетинчи саммити алкагында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген «Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги» тууралуу чечимге кол коюу пландалууда.

Аталган стратегиялык документ дүйнөнүн акыркы чакырыктарын жекече жана жамааттык түрдө чечүүдө ага мүчө-мамлекеттердин потенциалын колдоо үчүн негиздерди иштеп чыгууга багытталган.

Учурдагы кызматташтык деми ар бир мүчө-мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү стандарттарын камсыз кылуу боюнча негизги максаттарына жетүү үчүн колдонулат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2