AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Маданият министрлиги республикалык “Алтын калем” сыйлыгын жарыялайт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги республикалык "Алтын калем" сыйлыгын жарыялайт.

252927774_187069486918149_4812763418297845860_n.730x0.jpg

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министрлик КР президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгына ылайык, КР көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана “12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу үчүн сынак жарыялайт.

Сынактын максаты мамлекеттик тилдин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо, кыргыз тилде чыгарма жараткан калемгерлердин мыкты чыгармаларын аныктоо жана калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөйт.

Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:

- чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат;

- Чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо комиссиясы 20-ноябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Сынакка катышуунун шарттары:

- Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат;

- Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;

- Сынакка катышуу үчүн авторлор сынактык иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшыруусу керек.

Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

Поэзия - ырлар жана поэмалар,(көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт);

Проза - аңгеме, повесть жана роман (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт);

Драматургия - пьеса, драма (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт).

Сынакка сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

- Текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5;

- Электрондук форматта жиберилген чыгармалар WORD же PDF форматында болууга тийиш.

Сынактык арыздарды берүү тартиби:

- чыгармалар Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарек аркылуу “Сынакка” деген белги менен жөнөтүлүшү керек;

- Кагазга түшүрүлгөн варианттар (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт (Эркиндик бульвары 54; 0312 62 39 24).

Жиберилген чыгармалар менен бирге, катышуучунун өмүр баяны, сүрөтү болушу шарт.

Плагиаттык, уят сөздөрдү камтыган, саясий көз караштагы, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.

Уюштуруучулар жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.

Сынактын катышуучулары сынакка чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулар тарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга макулдук беришет.

Чыгарманы жиберген адам авторлугу аныктыгына жооп берет. Сынактын материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Уюштуруучулар сынакка жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт, авторлор менен талкууга кирбейт.

Уюштуруучу сынактын шартына жооп бербеген чыгармаларды эсепке албайт.

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо салтанаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында 12-декабрь күнү Улуттук адабият күнүндө өтөт.

- Эң мыкты поэзия – 100 000 сом;

- Эң мыкты проза – 100 000 сом;

- Эң мыкты драматургия – 100 000 сом.

Аталган сыйлык фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чегерүүлөрдү эске алуу менен берилет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2