AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды

Аба ырайынын суукташына байланыштуу үй-жайсыздарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек шаарында туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

1635995939.730x400.jpeg

Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан тарта Бишкектин Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, ал жакка көптөгөн үй-жайсыз адамдар тамактанып, жылынып, түнөгөнү келишет.

Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичирайондогу А.Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот. Кайрылууну райондук социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов кабыл алат.

Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан. Имарат кайра жасалгаланып, терезелери айнектелген, электр жарыгы, керебеттер, оңдолуп бүттү. Төшөктөр (матрастар, жаздыктар, жаздык каптар, шейшептер жана жууркандар) сатылып алынды. Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877, Эркин Мамаев - Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Биринчи май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу проспектиси 423 дарегинде 70 орунга эсептелген «Коломто» муниципалдык ишканасы иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу.

"Белгилей кетсек, укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам бригадалары муктаж болгондорду баш калкалоочу жайларга жеткириши керек. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо: 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз.

Баш калкалоочу жайга кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турушат", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2