AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Нью-Дели шаарында салтанаттуу кече өттү

Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

whatsapp_image_2021-11-02_at_10_59_16_3.730x400.jpeg

Маалыматка ылайык, иш-чарага Индия өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кечеде кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор боюнча кызматташкан академикалык чөйрө да катышты.

Иш-чаранын негизги коногу Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри/маданият боюнча мамлекеттик министри Менакаши Лекхи болду.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев эгемендүүлүк адамзат тарыхындагы эң чоң сыймыктардын бири экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эли, бардык улуттар, бардык этностор мамлекетибизди сактап калууга жана эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү болууга умтулушат. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын бардык тармактарда тыгыз жана жемиштүү кызматташып жатканын жана бүгүнкү күндө алар дос өлкөлөр гана эмес, ошондой эле стратегиялык шериктештер экенин баса белгиледи.

Индиялык тараптан куттуктоо сөзү менен тышкы иштер мамлекеттик министри М.Лекхи чыкты. Ал Индия өкмөтүнүн атынан жалпы кыргыз элин эгемендүүлүктүн мааракеси менен куттуктап, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Индиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн жакшы, достук мамилелери өнүгүп келе жатканын белгиледи. М.Лекхи өз сөзүндө кыргыз-индиялык мамилелердин өнүгүшүнө жогору баа берип, индиялык тарап аны өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

«Элдердин достугу» аттуу концерттик программанын алкагында «Mirrors» бий театрынын укмуштуудай аткаруулары, кыргыз өнөрпоздору А.Жумакунова менен Ж.Мурат кызынын аткаруусундагы элдик ырлар иш-чаранын конокторуна улуттук колориттен ырахат алууга шарт түздү.

Иш-чаранын конокторуна өзгөчө кыргыз аткаруучуларынын улуттук аспап комузда аткарган индия ырлары чоң таасир калтырды. Ошондой эле конокторго улуттук ашкананын түрдүү тамактары жана улуттук суусундуктар сунушталды. Кыргыздын мыкты каада-салттары менен тартууланган улуттук тамак-аштар иш-чаранын конокторунун арасында чоң ийгиликке ээ болду.

 

whatsapp_image_2021-11-02_at_10_59_16_4.730x400.jpeg

 

whatsapp_image_2021-11-02_at_10_59_16_6.730x400.jpeg

 

whatsapp_image_2021-11-02_at_10_59_16_13.730x400.jpeg

 

whatsapp_image_2021-11-02_at_10_59_16.730x400.jpeg

 

 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2