AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

115117.730x400.jpg

Мамлекет башчысы комплекстин ишмердиги менен таанышып, медициналык имаратты жана палаталарды, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдагандай, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам комплекс бүтпөй калганы маалымдалган. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 19-мартында реабилитациялык комплекске барып, курулуш иштеринин талап кылынган көлөмү менен таанышып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган.

Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон турат, анда төмөнкү бөлүмдөр болушу керек: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр.

Ошондой эле, комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.

Комплекстин жайгашуусу Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

Поликлиника бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат, анда кайрымдуулук фонддорунун эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган.

42 бейтап амбулатордук түрдө кабыл алынды, анын ичинен экөөнө медициналык тез жардам көрсөтүлдү. Борбор зарыл медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул дарылоо жана диагностикалык процедуралардын зарыл комплексин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 10 орундуу балдар соматика бөлүмү ачылды.

Жакынкы аралыкта Адам репродукциясы илимий борборунун адистери консультациялык-диагностикалык бөлүмдө гинекологиялык оорулары бар аялдарды кабыл алып, кеңеш беришет. Мындан тышкары, беш бөлмө: УЗИ кабинети, манипуляциялык кабинет, дарылоо бөлмөсү жана аялдарды кабыл алуу үчүн эки дарыгерлер бөлмөсү ишке киргизилет.

Эгер комплекс толук ишке кирсе, бир эле убакта 500 энеси бар баланы, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат.

«Биздеги эң баалуу нерсе бул - балдарыбыз. Жаш жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү бул - бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө», - деп белгиледи Мамлекет башчысы. Ал өлкөдө балдардын сапаттуу медициналык жардам алуусу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал борбордун ар бир бөлүмү заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылышы керектигин белгиледи. Бул комплексте бейтаптардын келүүсүнө ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.

 

115114.730x400.jpg

 

115119.730x400.jpg

 

115124.730x400.jpg

 

115129.730x400.jpg

 

115135.730x400.jpg

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2