AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте «Мектеп лигасы» улуттук программасы расмий ачылды

 Кечээ, 28-октябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда «Мектеп лигасы» улуттук программасы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

249171335_4751413961548323_4041449334125933729_n.730x400.jpg

«Мектеп лигасы» программасын ишке киргизүүнүн максаты - мектеп окуучуларынын арасында массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

«Мектеп лигасы» долбоорунун башталышына бүгүнкү күндүн реалдуулугу себеп болду. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан тартып, спорт тармагын өнүктүрүүнүн так модели түзүлө элек. Өткөрүлгөн бардык спорттук иш-чаралар бир жолку гана болуп, республикада массалык спортту өнүктүрүүгө негиз түзүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү орто мектептерде дене тарбия сабагы мурунку программа боюнча жүргүзүлүп, мектеп окуучуларын шыктандыруу маселеси артта калып, окуучулар кыймылсыз жашоо образын алып, гаджеттерде отуруусу ар кандай оорулардын, анын ичинде концентрация көйгөйлөрүнүн көбөйүшүнө алып келет. Мына ушул факторлордун бардыгы билим берүүнүн сапатына, жалпы эле өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.

Мындан улам, КР президентинин «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан « Мектеп лигасы» программасы өсүп келе жаткан муундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана сергек жашоо образын пропагандалоого багытталды.

Мектеп лигасынын алкагында спорттун 3 командалык түрү ишке кирет: атайын даярдыкты талап кылбаган футбол, волейбол жана баскетбол оюндары ж.б.

Практика көрсөткөндөй, бул коммуникацияны, жоопкерчиликти, тартипти жана командалык духту өстүрүүчү командалык оюндар болуп саналат.

Мектеп лигасы өлкөнүн бардык аймактарынан жаш таланттарды аныктоого жана спорттук Олимпте жаңы жылдыздарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге, долбоор күйөрмандар институтун, демөөрчүлүк жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, шылуундукка, регионализм ж.б. терс таасирлерди жоюу аркылуу руханий-патриоттуулук сезимдерди калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, КР Билим берүү министрлиги жана Мектеп лигасы федерациясы уюштурду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2