AUCA the best 2

2024-12-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Facebook компаниясы Meta болуп өзгөрдү

Facebook компаниясын атын Meta кылып өзөрттү. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди. Ошол эле маалда соцтармактын аты өзгөрбөйт.

44.730x0.jpg

"Биздин миссиябыз ошол эле бойдон калат, ал – элдерди бириктирүү. Тиркемелерибиздин бренддери өзгөрбөйт. Жаңы ат биз басып өткөн бардык жолду жана биз кура турган келечекти чагылдырат. Мындан ары биз Facebook гана болгубуз келбейт... Мен биздин мета-ааламды иштеп чыккан компания катары кабылданышыбызды каалайм", – деп түшүндүрдү Цукерберг.

Meta сайтында “мета-ааламдын” башкы максаты – виртуалдык дүйнөдө адамдарды бириктирүү жана алардын баарлашуусу үчүн көптөгөн ыкмаларды сунуштоо экени айтылган.

Компанияга Facebookтан тышкары WhatsApp, Instagram, Oculus жана башка сервистер менен тиркемелер таандык.

Компаниянын атын өзгөртүү жараяны Facebook продукциялары жөнүндө терс пикирлер көбөйгөн маалга туш келди. Компаниянын мурдагы кызматкери Фрэнсис Хауген ички документтерди ачыкка чыгаруу менен Facebook бардык учурларда колдонуучулардын жыргалчылыгынан мурун өз кирешесин жогору койгонун айтып чыккан.

2015-жылы башка бир интернет-гигант – Google ушундай эле реструктуризация жүргүзүп, компаниянын атын Alphabet деп өзгөрткөн. Бирок компаниянын продукциялары мурдагы аттарын сактап калган, жаңы ысым болсо күнүмдүк жашоодо өтө сейрек кездешүүдө.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2