AUCA the best 2

2024-05-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ОшМУда Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борбору ачылды

Ош мамлекеттик университетинин базасындагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

583ecde5-6348-45f2-a55f-b6e45815dfe3.jpg

Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саясат департаментинин башчысы Раймондс Вингрис, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, шаар жаштары жана коноктор онлайн жана оффлайн форматта катышты.

Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, виртуалдык жана реалдуу мейкиндиктерди айкалыштыруу аркылуу маданият аралык диалогдун көпүрөлөрүн түзүүчү, заманбап чыгармачыл билим берүү чөйрөсү болот.

Борбордо онлайн, офлайн жана гибриддик форматта вебинарларды, сабактарды өткөрүүгө, видео материалдарды санариптик технологияларды колдонуу менен сапаттуу тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, студенттерге, жалпы эле жаштарга сапаттуу видео, фото тартып социалдык тармактарды активдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле, борбор стереотиптер, ишенимди калыптандыруу жана толеранттуулукка көмөктөшүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, аларды активдүү коомдук иштерге тартуу жана адамдардын ортосундагы байланышты тереңдетүү үчүн, анын ичинде мугалимдерди, журналисттерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу аркылуу трансчекаралык жана сектор аралык диалогду баштоо үчүн онлайн жана оффлайн мейкиндигин бириктирген активдүү жана туруктуу иштеген көп функциялуу билим берүү аянтчаларынын бири.

Борбордо студенттер, мугалимдер жана бардык кызыкдар тараптар үчүн региондор аралык дебаттык турнирлерди, дискуссиялык клубдарды, аймактык эксперттик форумдарды жана башка кызыктуу иш -чараларды өткөрүү пландаштырылган .

Бул Борбор Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоору алкагында жана “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен биргеликте жүзөгө ашырылды. Борборго жалпы суммасы 1,5 миллион сомдук акыркы үлгүдөгү уникалдуу санарип технологиялык жабдуулар жайгаштырылган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2