AUCA the best 2

2024-12-31

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргыз-герман ишкердик кеңешин түзүү маселеси талкууланды

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия Федералдык жерлериндеги Ардактуу Башкы консулу, профессор Рейнхольд Креммелди жана Кыргыз Республикасынын Шлезвиг-Хольштейн федералдык жериндеги Ардактуу консулу Кристоф Крошкени кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

imgm5934.730x400.jpg

Жолугушуунун жүрүшүндө Рейнхольд Креммель менен Кристоф Крошке Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары катары өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле Германиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштердин пландары менен бөлүшүштү.

Министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары менен Кыргыз Республикасына германиялык инвестициялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы туруктуу байланыштарды түзүү максатын көздөгөн кыргыз-герман ишкердик кеңешин түзүү маселесин талкуулады.

Казакбаев ардактуу консулдарга Германиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөткөн жардамы, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү менен байланыштарды бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2