AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Атайын ачылган эсептин тагдыры эмне болду?

Үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңдалда жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү жана жарандарга жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылган.

_118318811_81cb4a2e-806b-45ba-b47d-2a8b375a06ed.jpg

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүнөн билдиришкендей, жалпы кыргыз элинен, жеке ишкерлерден, эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандары тарабынан атайын эсепке 119 млн 695 миң 848 сом топтолгон.

“Бүгүнкү күндө анын 72 млн 683 миң 164 сомуна Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тендер жарыяланып, анын 52 млн 98 миң 815 сомдук атайын комиссиянын макулдугунун негизинде жумуш аткарылып, 20 млн 584 миң 349 сомдук жумуш аткаруу алдында турат. Ал эми ден соолугунан жабыр тарткан 16 жарандын дарылануусу жана чек арадагы айылдардын тургундарынын 50 баласын эс алдыруусуна 1 млн 799 миң 750 сом жумшалган. Калган 65 млн 847 миң 283 сом акча каражаты атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат”, - деп айтылат маалыматта.

Лейлек району боюнча:

1) Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук ситемасын курууга 33 млн 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 млн 906 миң 600 сом которулган.

2) Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 млн 492 миң 551 сом которулган.

3) Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 млн 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган.

4) Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 млн 181 миңге келишим түзүлүп, 6 млн 590 миң 600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

1) Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 млн 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 млн 849 миң 800 сом которулган.

2) Баткен районунун Ак-Сай айылындагы “Сулууданги Ак-Сай” таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 млн 273 миң 122 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулуп берилди.

Шейит кеткен 36 жарандардын жакындарын колдоо максатында курулган 36 үйгө кошумча жумшалган акча каражаты:

1) чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн Баткен шаарында курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8 млн 681 миң 188 сомго келишим түзүлүп, толугу менен которулган.

2) ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу системасына 3 млн 406 миң 96 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган.

Кошумча:

1) ден соолугунан жараат алган 16 жарандын дарылануусу үчүн – 1 млн 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген.

2) чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна 229 миң 750 сом каралган.

“Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65млн. 847миң 283 сом акча каражаты калган болсо, анын 20 млн 584 миң 349 сому түзүлгөн келишимдин негизинде жумуштар аткарылып бүткөрүлсө которулуп берилет. Учурда 45 млн 262 миң 934 сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат”, - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2