AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын кинематографисттери жолугушту

2021-жылдын 18-октябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстан менен Түркиянын кинематографисттери жолугушту. Бул тууралуу КР Кинематография департаменинин басма сөз кызматынан билдиришти.

245723830_868700997153583_9193526878102613123_n.730x400.jpg

Маалымакта ылайык, жолугушууга Түркиядан келген Metin Gündoğdu (Жергиликтүү Ой Ассоциациясынын төрагасы), Kemal Uysal (Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директорунун орун басары), Öner Kılıç (директор – Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору), Galip Güner (Продюсер), Fatih Özcan (директор), Bedir Acar (Журналист), Halil Kardaş (Продюсер – Сценарист), Ahmet Toklu (директор), Mehmet Bahadır Er (директор) жана Кыргызстандын продюсерлери, режиссерлору, каскадерлору катышты.

Түркиядан келген коноктор кино тармагындагы мыйзамдарынын өзгөртүүлөрү, "Коркут Ата" Эл аралык фестивалы тууралуу, түрк тилдүү мамлекеттерге кызыктуу боло турган орток эмгектерди жаратуу маселелери боюнча Кыргызстандык катышуучуларга айтып берип, берилген сууроолорго жооп беришти.

Кездешүүнүн катышуучулары конокторго өздөрүнүн долбоорлору тууралуу маалымдашып, орток эмгектерди жаратуу шарттары жана мөөнөттөрү боюнча сурашып, түрк тилдүү мамлекеттерде фильмдерди жүгүртүү ж.б. ушул сыяктуу темаларды көтөрүштү.

Кездешүүнүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн кинематографисттери чыгармачыл эмгек жаратуу максатында биринчи орунга тыгыз баарлашуу, таанышуу зарылдыгын жана кинематография тармагында келишим-меморандум иштеп чыгуу керек экендигин белгилешти.

Тараптардын жолугушуусу Бишкекте башталган "V түрк тасмалар жумалыгынын" алкагында өттү.

245824495_868700993820250_4869335990159511675_n.730x400.jpg

 

245792647_868700867153596_6272273812134479001_n.730x400.jpg

 

245692555_868701103820239_5904668844022856511_n.730x400.jpg

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2