AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам 6-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

 

109448f5-4d65-40b1-8822-6780b17bbfcd.jpg.850x445_q82_crop.jpg

Аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктап, Министрлер кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин, ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.

Мыйзамда Министрлер кабинетинин курамын түзүү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана Министрлер кабинетинин башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат: жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары Кыргызстандын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Ошондой эле, Конституциянын 89-беренесин ишке ашыруунун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда Президенттин администрациясынын жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген. Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга укугу жок. Мындан сырткары Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып, жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын Министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш.

Мыйзамда ошондой эле Министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Аны менен бирге, президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер кабинетинин төрагасын же Министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ. Буга ылайык министрлер кабинетинин мүчөсүн кызматтан алууга негиз болгон жагдайлар жазылган.

Бир эле учурда мыйзам менен Министрлер кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу,  Министрлер кабинетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ жана Министрлер кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда Министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер каралган.

Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин мамлекет башчысы тарабынан Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин ушул жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, Министрлер кабинети толугу менен иштеп баштайт.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2