2025-01-05
Түрмөк
Мелис Сатыбековдун 6 айдагы иштеринин жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Мелис Сатыбеков жана анын аткарган иштери боюнча коомчулукта жылуу пикирлер айтылып жүрөт. Окурмандардан да бул боюнча көп суроолор келгендиктен KEREEZ MEDIA редакциясы атайын иликтеп маалыматтарды топтоду. Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 6 айлык ишмердигинин жыйынтыктарын назарыңыздарга сунабыз.
ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫК
2021-жылдын 31-мартынан 24-сентябрына чейин аткарылган иштердин отчету
1) Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын 4 отуруму болуп, анда пайдалуу кендердин запастарын эсептөө жана кендерди иштетүү долбоорлору менен геологиялык чалгындоонун жыйынтыктары боюнча 73 отчет каралды.
2) Көрсөтүлгөн мөөнөттө жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча комиссиянын 24 отуруму өткөрүлүп, анда бир катар маселелер каралды.
а) төмөнкү уруксаттар берилди:
- тоо-кен иштерин жүргүзүү укугу үчүн - 82;
- жардыруу иштерин жүргүзүү укугу үчүн - 36.
б) Төмөнкүлөр боюнча эксперттик корутундулар чыгарылды:
- геология боюнча - 106;
- жер казынасын коргоо боюнча - 42;
- өнөр жай коопсуздугу боюнча - 289.
3) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу жана ассоциацияланган металлдарды камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү мүмкүндүгү / мүмкүн эместиги жөнүндө берилген техникалык корутундулар - 93.
4) Ошондой эле, 29 аукцион өткөрүлдү. Жер казынасынын объектилеринин жалпы баштапкы баасы - 146 492 АКШ долларга бааланган болсо, кийин 673 729 АКШ долларга сатылган.
Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар
- 2021-жылдын 26-июнунда №81 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Ага ылайык техногендик түзүлүштөр мамлекеттин менчиги болуп саналат аны иштетүүгө, ошондой эле 100% мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда рекультивация фондунун каражаттарын топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен уруксат берилет.
- 2021-жылдын 5-августунда №92 “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамы” кабыл алынды. Анда конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттер жана ишканалар үчүн жер казынасын пайдалануу укугун алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү каралган.
- 2021-жылдын 17-августунда мелиорация фондунун ресурстарын 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарда топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №139 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу “токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому кабыл алынды.
- 2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” №148 токтому кабыл алынды. Анда 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби каралган.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрында №185 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү, алымдарды жана алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Долбоордун максаты-лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аларды салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелинде №108-р жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте Солтон-Сары кенинин Алтын-Төр тилкесин иштетүү учурунда пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи ирет иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө токтому кабыл алынган.
- 2021-жылдын 30-апрелинде №491 “Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жарлыгы чыккан. Аталган жарлык ушул жарлыкта каралган чараларды ишке ашырууда ведомстволор аралык кызматташтыкты ишке ашыруу жана камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 23-августундагы №148 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 8-июнундагы №122 буйругу менен пайдалуу кендердин мамлекеттик балансында мамлекеттик апробацияны жана листингди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы бекитилди.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июлунда “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна №1 калдык сактоочу жайын жана Макмал кенин иштетүү учурунда пайда болгон тоо-кен таштандыларын экинчи ирет кайра иштетүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө №86-р буйругу чыккан.
Иштелип чыккан мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорунун күчүнө киришин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү/жараксыз кылууну камсыз кылган "Кыргыз Республикасындагы жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйруктун долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорунун максаты жана милдети - 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторийди алып салуу.
- Пайдалуу кендерди рационалдуу, комплекстүү пайдаланууга жана жер казынасын коргоого бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору иштелип чыккан.
- "Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебиндеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору "иштелип чыкты жана бекитүүгө жөнөтүлдү.
- Кыргыз Республикасынын минералдык -сырье базасын толуктоо жана геологиялык чалгындоону стимулдаштыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыккан. Жарлыктын долбоорунда Кыргыз Республикасында мамлекеттик заказ боюнча иштерди аткарууда салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы тууралуу маалыматты берүү талабын алып салуу каралган.
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 368-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйруктун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору техногендик түзүлүштөрдү өнүктүрүүгө байланышкан иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү максатында даярдалган.