2024-11-01
Түрмөк
Эрулан Көкүлов шайлоого «Ынтымак» партиясы менен барат
Блогер, «Не сахар» долбоорунун автору Эрулан Көкүлов быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясы менен барат. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.
Эрулан Көкүлов буга чейин эле шайлоого барары тууралуу айтып жүргөн. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Реформа» партиясы менен алдыңкы 10 талапкердин катарында барган.
6-октябрда «Ынтымак» жана «Келечек» партиялары парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн биригишкен.
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 72 партия катталган.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 8-октябрга карата 145ке жетти.