AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Депутаттар өкмөттүн кышка даярдыгы тууралуу маалымат угууну талап кылышты

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 6-октябрдагы жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык маселелерин көтөрүштү.

Алар аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн парламентке келип, кышка даярдык тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышты.

1031345052.jpg

Депутат Дастан Бекешев электр энергиясы кайсы мамлекеттерден сатып алынып жатканы тууралуу так маалымат берүүнү өтүндү. Себеби Энергетика министрлиги өткөн жумада Тажикстандан электр энергиясы сатып алына баштаганын билдирген. Бирок тажик тарап Кыргызстанга электр энергиясы сатылып жатканын четке каккан кабарлар тарады.

Кыргызстандын өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусиядан электр энергиясын сатып алып жатканын билдирүүдө. Жакында Тажикстандан да алынары айтылган. Бирок тажик тарап биз эч кандай электр энергиясын кыргыз тарапка саткан жокпуз деп жатат. Парламентте бул боюнча так маалымат жок. Бизден сурап жатышат. Өкмөт бизди, элди алдап жатабы? Бул жакка келип, так маалымат беришсин.

Кыргызстанда 6-октябрда абанын температурасы төмөндөп, өлкөнүн бардык аймактарында жаан, кар жаады. Айрым аймактарда үшүк жүрдү. Буга байланыштуу эл өкүлү Айбек Осмонов социалдык объектилердин кышка даярдыгы тууралуу маалымат угууну талап кылды.

-Мектептерде, бала бакчалардын кышка даярдыгы кандай? Биздин балдар үшүп калбайбы? Мына бүгүнтөн тарта кар жаап, суук башталды.

Унаа жолдордо жана ашууларда октябрдын башында эле кар жааган. Азыр ашуулар аркылуу каттоо бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов кийинки жумада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде күз-кышка даярдык тууралуу маалыматтар айтыларын билдирди.

«Кышка даярдык боюнча ушул жуманын аягында, кийинки жуманын башында Министрлер кабинетинен келип, маалымат беришет«,-деди Абытов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөрүн кабарлады. Үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.

Үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып бирок үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2