2025-01-07
Түрмөк
Октябрдын ортосунда бензин дагы 1,5 сомго кымбатташы мүмкүн
Кыргызстанда октябрь айы ичинде бензин дагы 1,5 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов маалымат жыйында кабарлады.
Анын маалыматына караганда, дизель отуну 1 сомго кымбатташы мүмкүн.
«Мунай өндүрүүчү заводдордон жаңы баалар келе тургандыгына байланыштуу айдын экинчи жарымында баалар кандай болоору тууралуу божомол азырынча жок»,-деди Эшатов.
Мунай өндүрүүчүлөр сентябрь айында Орусиядан ташылган күйүүчү майдын ар бир тоннасынан 19,3 доллар бажы төлөмү алынарын кабарлашкан. Мындан улам Кыргызстанда бензин дагы кымбаттайт.