AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Ошто Тоо театрларынын I республикалык фестивалы өтүүдө

 Ошто Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата Тоо театрларынын I республикалык фестивалы өз ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

243251685_4660015887354798_8896060407377291549_n.jpg

Маалыматка ылайык, фестиваль Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Т.Ажибаев атындагы музыкалык драма театрынын базасында өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аталган Тоо театрларынын фестивалы өз ара тажрыйба алмашуу багытын көздөп жаткандыгын баса белгилеп, салт катары мындан ары башка аймактарда да өткөрүү планы бар экендигине токтолду. Мындай достук мамилени бекемдөө жана профессионалдык театр искусствосун аймактарга жеткирүү учурдагы Маданият министрлигинин бирден-бир приоритеттүү багыты экендигин кошумчалады.

Фестиваль, тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өткөрүлөт. Максаты кийинки муундарга улуу инсандардын ысымын жеткирүү жана салттуу иш- чарага айландыруу болуп саналат.

Калктын калың катмарына маданий-агартуу, жаркын маанай тартуулоо, театр өнөр чеберлери менен элеттик көрүүчүлөрдүн искусство майданында маданий алаканы түзүү, руханий дөөлөтүн арттыруу, чыгармачылык ишмердүүлүгүн дем берүүгө багытталган фестиваль эл тарабынан жылуу кабыл алынды.

Алгач фестиваль Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры, Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрларынын жүрүшү менен башталып, концерттик программа көрсөтүлдү.

Программа:

2021-жыл, 30-сентябрь

9:00 – 10:00 Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры Төлөгөн Касымбековдун «Кел-Кел» спектакли;

11:00 – 12:30 Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры драматург К. Иманалиевдин «Актриса» спектакли;

14:00 – 15:00 Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры өзбек эл жазуучусу Саид Ахматтын «Хасан Хусан» чыгармасынын негизинде «Таниш нусхалар» спектакли;

16:00 – 17:00 Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры драматург Т. Касымбековдун «Кел-Кел» романынын негизинде сахналаштырылган «Кара көлөкө» спектакли;

19:00 – 21:00 Фестивалдын салтанаттуу жабылышы.

Иш-чараны Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры менен биргеликте уюштурууда.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2