2025-01-08
Түрмөк
«Шамбала» жана «Сальвадор Дали» тасмалары Мароккодогу кинофестивалга катышат
Кыргызстандык «Шамбала» жана «Сальвадор Дали» тасмалары Мароккодогу эл аралык автордук кинолордун фестивалына катышат.
Кинофестиваль 21-30-октябрь күндөрү Марокконун борбору Рабат шаарында өтөт.
«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Тасманын режиссеру – Артыкпай Сүйүндүков. Аталган тасма Америкалык кинематография искусствосу жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына Кыргызстандын атынан «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» номинациясында көрсөтүлгөн.
«Сальвадор Дали» – кыска метраждуу тасма. Аны режиссер Элдияр Мадаким тарткан. Бул тасма 6-15-октябрда Кореянын Пусан шаарында, 5-14-ноябрь күндөрү Чикагодо (АКШ) жана 12-ноябрдан 5-декабрга чейин Япониянын Саппоро шаарында өтө турган кинофестивалдарга катышат.
Булак: Марал