AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын I отуруму өттү

 Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациядан кабарлашты.

113218.730x400.jpg

Жыйынга Республикалык штабдын курамына кирген министрлик жана ведомстволордун, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Марат Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы - парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык камсыздоодон турарын белгиледи.

Ал ошол эле учурда эч кандай шылтоо менен комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоолорду мыйзамдарды бузуу менен өткөрүү, шайлоочуларды массалык сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап, шайлоо жараянынын мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүш керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик бийликтин органдарынын өкүлдөрү кайсыл деңгээлде болбосун, үгүт өнөктүгүнө жана шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, ал эми алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга эч кимге уруксат берилбейт», - деп билдирди Марат Иманкулов.

Аны менен бирге ал, кайсыл бир партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бийлик өкүлдөрү бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды аткарууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана өздөрүнүн дымагы, жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Мындан сырткары ал, уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шарттарында добуш берүү жүрүшүндө тилкелерде шайлоочулардын саламаттыгы үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанисин белгиледи. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, саламаттыкты сактоо, тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин жалпы элдик добуш берүүгө даярдык жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында берилген сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2