2025-01-09
Түрмөк
Жекшемби күнү Бишкекте жөө күлүктөрдүн жарышы өтөт
Бишкекте 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.
Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.
Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлөт.
Жарыштан чогулган акчанын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча иштерге жумшалат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл чогулган акчага ак илбирсти сактоо иштерин алып барган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы үчүн эки «Нива» унаасы сатып алынат.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарышта санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көңүл бурулат.
Кененирээк маалыматты Nomad Sport компаниясынын сайтынан алууга болот.