2025-01-09
Түрмөк
Мелис Сатыбековду ак жеринен каралагандар максатына жетпейт
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин башчысы Мелис Сатыбеков жөнүндө курулай ушактарга негизделген жалган маалыматтар таратылып жатат. Мунун артында кимдер турушу мүмкүн?
2021-жылдын апрель айында Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин башчылыгына Мелис Сатыбеков келип, акыркы беш айдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат. Агенттиктин ардагерлери Мелис Сатыбеков кызматка келгенде чыныгы геологияны жакшы түшүнгөн адис келди деп жылуу пикирлерин айтышкан эле.
Мелис Сатыбековду жакшы таанып, билгендер да аны профессионал адис катары сыпатташып, артынан жакшы сөздөр гана ээрчип жүрөт. Анын иш тажрыйбасына көз чаптырып карап көрсөк, Геология агенттигинде катардагы кызматкерден баштап жетекчилик кызматка чейин жеткенин көрөбүз. Кыргызда "чымчык сойсо да касапчы сойсун" деп койот. Мелис Сатыбековдун иштегенине алты ай да боло элек. Бирок жакшы жыйынтыктарды берип келе жатат. Беришпейби мүмкүнчүлүктү ушундай кесипкөйлөргө. Жаштыгын, энергиясын мамлекет үчүн жумшасын. Сатыбеков сыяктуу системаны ичинен билип, катардагы кызматкерден жетекчиликке жеткен башчылар аз. Реформаны, өзгөрүүнү мына ушундай кадрлар жасайт. Анткени тажрыйба жетиштүү, эмнени качан, кантип ишке ашырышты билет.
Кыргыздын көрө албастык мүнөзү көптөгөн мыкты азаматтарыбыздын бутуна тушоо болуп келе жатат. Куру доомат менен жалгандын өмүрү кыска. Мелис Сатыбековду ак жеринен каралагандар максатына жетпейт. Чындык эртеби кеч өз ордун табат. Көпчүлүк, аны тааныгандар Мелис Сатыбековду жаш, профессионал, мыкты жетекчи катары билет жана мындай каралоолор аны сындыра албайт.