2025-01-09
Түрмөк
Зиядин Жамалдинов: Кара-Сууда текстиль фабрикасы ачылат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Кара-Суу районуна барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Иш сапарынын алкагында облус башчысы аймактагы өндүрүш мекемелери менен таанышты.
Алгач, ал Жаңы-Арык айылдык аймагында жайгашкан тамекини ферментациялоочу “Ош Дюбек” акционердик коомуна жана ташты кайра иштетүүчү «Кыргыз-Травертин» ишканасына барды. «Кыргыз-Травертин» ишканасы 2015-жылдын октябрь айында түзүлүп ишке берилген. Күнүнө 450 чарчы метр травертин ташын кесип иштеткен ишканада 21 жумушчу иштейт.
Ошондой эле Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Артель-Электроникс» жана «Имзо Кей Джи» ЖЧКлары менен таанышты. Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Имзо Кей Джи» ЖЧКлы бир айда - 2200 чарчы метр пластиктен эшик-терезелерди даярдап чыгарат. Цехте иштеген жумушчулардын саны – 40 жаран. Ал эми «Артель Электроникс» ЖЧКсы бир айда – 600-900 даана кир жуучу машиналарды даярдап чыгарат. Цехте иштеген жумушчулардын саны – 80 адамды түзөт, жумушчу орундарды 100гө чейин жеткирүү пландаштырылууда.
Президенттин Ош облусундагы йгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ишкерлердин көйгөйлөрүн угуп, Кара-Суу районунда жаңы текстиль фабрикасын ачуу пландалып жатканын билдирди.
“Кара-Суу районунун тургуну текстиль фабрикасын ачууну пландап жатканын айтып, фабрика үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылган. Учурда ишкерге Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер бөлүнүп, аны трансформациялоо жана документ иштери аяктап калды”, - деди Зиядин Жамалдинов
Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Ош облусунда жаңы өндүрүш мекемелерин ачуу, ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.
Булак: Кабар