2024-11-01
Түрмөк
Шайлоо: Бир мандаттуу округдан үч талапкер арыз берди
Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн жеке талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Депутат болууга арыз бергендер: Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов.
Бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, тактап айтканда, 13-октябрь саат 18: 00дө аяктайт.
Быйыл парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеште 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
Булак: Марал