AUCA the best 2

2025-11-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Чүй облусунун Новомихайловка айылында жаңы мектеп ачылды

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып жаткан «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Новомихайловка айылында башталгыч класстар үчүн 100 орундуу жаңы мектеп ачылды.

ccfd0f2b-6af6-436b-86dd-1af50042ee3c.jpg

Жалпы аянты 828,6 чарчы метрди түзгөн мектепте 5 окуу классы, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, китептер үчүн архив, ашкана, компьютердик класс, санитардык түйүн, кампа жана техникалык бөлмөлөр бар.

Курулушка 26 млн 145,4 миң сом сарпталган. Анын ичинен 25 млн 822,6 миң сомду АРИС грант катары берген. Андан тышкары Чым-Коргон айыл аймагынын тургундары 322,7 миң сом чогулткан.

Новомихайловка айылынын тургундары жаңы мектепке абдан муктаж болуп келген. Буга чейинки 7 жылдык эски мектеп 1950-жылы пайдубалы жок, чийки кирпичтен салынган. Андан бери бир да ирет оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ага байланыштуу «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында башталгыч класстарга мектеп салып берүү каралган.

Белгилей кетсек, «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланат.

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору 2017-жылдан бери Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Бюджети 11 млн долларды түзгөн бул долбоор жакырчылыкты жоюу жана аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну максат кылат. Иштөө мөөнөтү ушул жылдын декабрь айында аяктайт.

Булак: Марал

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2