2025-01-10
Түрмөк
«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматованы милиция кармап кетти
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарында журналист жана партиялашы Орозайым Нарматованы укук коргоо органдары кармап кеткенин билдирди.
Партия Нарматованын кармалышын сөз эркиндигин кысуу, саясий куугунтук катары баалайт.
«Өлкөбүздөгү мыйзамсыздыктарга, акыйкатсыздыктарга өз ой-пикирин билдирген жараныбыз, партиялашыбыз Орозайым Нарматованы бүгүн эртең менен саат 05:00 тегерегинде Ош аэропортунан укук коргоо органдары кармап кеткени белгилүү болду. Бийликтин бул аракети сөз эркиндигине болгон чоң сокку», — деп билдирет партия.
Нарматованын партиялаштары менен аны колдогон жарандар бүгүн саат 10:00дө Ош шаардык милициясынын алдына митингге чыгып, анын бошотулушун талап кылат.
Булак: Марал