AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызыстанда дыйкандар үчүн телеграмм-бот иштелип чыкты

Кыргызстанда дыйкандар үчүн айыл чарба жаатындагы бардык суроолорго жооп бере турган онлайн-жардамчы иштелип түзүлдү.

871fb57f-c73e-4cea-bcec-3bd206f06772_720x0-is.596x0-is.jpg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Нурдин Алишеров “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, атап айтканда “ДыйканДос” аттуу телеграмм-бот иштелип чыкты.

“Виртуалдык жардамчы айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында Сорос-Кыргызстан фондунун колдоосу менен "Агросмарт" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. "Дыйкандостун" негизги милдети дыйкандар бардык керектүү материалдарды оңой таба алышы үчүн маалыматка жетүү көйгөйлөрүн чечүү, анын ичинде айыл чарбасынын бардык ыкмаларын, инструменттерин чогултуу болуп саналат”, - деди ал.

Tелеграмм-бот айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча маалымат берет жана окуу материалдарына, маалымдамаларга, видеоматериалдарга жана айыл чарбасы боюнча адабияттарга жетүүнү камсыз кылып, шаблондорду жана документтерди, каталогдорду жана реестрлерди берет.

“Мындан тышкары, фермерлер продукциянын импорту жана экспорту боюнча материалдарга жана документтерге, гранттар боюнча маалыматка, министрликтин ведомстволук уюмдары боюнча баардык байланыш маалыматтары, даттануулар жана сунуштар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат”,-деди ал.

“Агросмарт” мамлекеттик ишканасынын директору Семетей Турусбеков азыр телеграм-бот аркылуу төмөндөгүдөй маалыматтар жеткиликтүү болорун билдирди:

- өлкөнүн айыл чарба уюмдары тууралуу маалымат;

- документтерди иштеп чыгууда же Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү көрсөткөн мамлекеттик кызматтарды алууда дыйкандарга этап-этабы менен көрсөтмө берүү;

- КР дыйкандары үчүн чыгарылган бардык санарип чечимдер;

- айыл чарба секторлору үчүг гранттар боюнча маалымат;

- YouTube, Telegram, WhatsApp`тагы кыргыз тилдүү секторлордун шилтемелери;

- өлкөнүн бардык 40 районунда жайгашкан Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн байланыш номерлери;

- алдыңкы банктар жана финансылык уюмдардан насыялар жана лизингдер тууралуу маалыматтар.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2