AUCA the best 2

2025-01-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ӨКМ: Кеминде токойдон өрт чыкты

Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токойунда өрт чыкты.

66.730x0.jpg

Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт. Өрт өчүрүүгө министрликтин жана облустук башкармалыктын ыкчам топтору, 60ка чукул куткаруучу тартылды. Мындан сырткары токой чарба кызматынын 25 өкүлү жана жергиликтүү тургундар көмөк көрсөттү. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери жүрүүдө.
Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору”, - деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жарандардан өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөнү өтүнөт.

Ошондой эле ведомстводон дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт кече жакында Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылгандыгын эскертишти.

“Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз”,- деп айтылат маалыматта.



Интервью

 

Жаңылыктар

Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи

СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2