AUCA the best 2

2025-11-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

«Талибан» жаңы өкмөттүн курамын жарыялады

Ооганстанда бийликке келген «Талибан» кыймылы 7-сентябрда жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттүн курамын жарыялады.

7756f71a0be1661cf934cb79b620b.png

Талибдердин лидери болгон Хайбатулла Ахундзада жаңы өкмөттө кайсы бир кызматты ээлеген жок. Өкмөттүн башына Мохаммад Хасан келди. Ал 1996-2001-жылдары талибдер бийликте турган кезде министрлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри жана Кандагар провинциясынын губернатору болгон.

«Талибандын» саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар менен Катардагы саясий кеңсенин башчысынын орун басары Абдул Салам Ханафи вице-премьер болушту.

Өкмөттүн курамы

Жаңы өкмөттүн курамына премьер-министр жана анын орун басарларынан тышкары 19 министр кирип, Борбордук банк, Башкы штаб, чалгын кызматтарынын жетекчилери дайындалды.

Ооганстандын ЖМКлары жазгандай, өкмөттүн курамына киргендердин баары – «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү. Басымдуу бөлүгү — Ооганстандагы ири этникалык топ катары саналган пуштундар. Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, кийинчерээк курала турган туруктуу өкмөткө башка улуттун өкүлдөрү да кирет.

Жаңы өкмөттө министр кызматын эркектер ээлеген. Мындан мурда талибдер аялдар өлкөнү башкарууга катыша аларын, бирок министр жана андан жогорку кызматка келбей турганын билдиришкен.

Күч түзүмдөрү жана тышкы иштер бөлүмү

Коргоо министри кызматына Мухаммад Якуб Мужахид же молдо Якуб отурду. Ал – «Талибанды» түптөгөн молдо Омардын уулу. Молдо Омар 2013-жылы каза болгон.

Тышкы иштер министри болуп 1996-2001-жылдары талибдер бийликте турган учурда жогорку билим берүү министри кызматын аркалаган Амир Хан Моттаки дайындалды.

Ички иштер министри — Сиражуддин Хаккани. Ал – «Хакани түйүнү» террордук уюмун негиздеген Жалалуддин Хакканинин уулу. Учурда аталган террордук уюмду Сиражуддин Хаккани жетектейт.

Чалгын кызматынын башчысы – Абдул Хак Васик, «Талибандын» саясий канатынын мүчөсү. Айрым маалыматтар боюнча ал Европа мамлекеттери менен байланыш башкармалыгын жетектейт.

Экономикалык жана башка министрлер

Билим берүү министри — Мавлави Нурулла Мунир, жогорку билим берүү министри –Мавлави Абдул Баки Хаккани.

Маданият жана маалымат министри – Хайрулла Хайрхва, 1996-2001-жылдары ички иштер министри болгон. «Талибандын» өкүлү болуп, кыймылдын атынан расмий маалыматтарды берип келген Забихулла Мужахид анын орун басарлыгына дайындалган.

Байланыш министри  — Нажибулла Хаккани, талибдердин алгачкы (1996-2001-жыл) өкмөтүндө каржы министринин жана коомдук иштер министринин орун басары кызматтарын ээлеген.

Авиация жана транспорт министри — Хамидулла Ахундзада. Мындан мурда ЖМКлар аны жарандык авиация жана аскер-аба күчтөрү министри деп жазышкан.

Борбордук банктын башчысы — Мохаммад Идрис, «Талибандын» экономикалык маселелери боюнча комиссиясын жетектеп келген.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2