AUCA the best 2

2025-11-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте атылган айдоочу. 22 милиционер жазаланып, төртөө камакта

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

742278E6-B35B-4986-8BFF-A16C2C7B0E2E.jpeg

Анын айтымына караганда, министрлик кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ал ошондой эле патрулдук милициянын төрт кызматкери жана жаранды өлтүрүүгө шектелип жаткан тартип сакчы УКМКнын тергөө абагында экенин эске салды.

Абдиев алардан башка дагы бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилгенин, 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын, дагы 12 милиционерге түрдүү дисциплинардык чара көрүлгөнүн кошумчалады.

Депутат Нурбек Тотонов ИИМге инспекторлор жарандар менен тил табышуусу үчүн маал-маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну сунуштады.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Булак: Спутник

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2