2024-11-01
Түрмөк
Түркиялык белгилүү актриса Мерьем Үзерли Бишкекке келди
“Даңазалуу доор” аттуу түрк сериалында Хүррем султандын ролун аткарган түркиялык белгилүү актриса Мерьем Үзерли Бишкекке келди.
Ал Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоорду презентациялоо үчүн келген.
Asian World Film фестивалы жана Aitysh USA бирикмеси жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында Азия аймактык телесериалдары үчүн сыйлык уюштура турган болду. Иш-чара 2022 -жылдын май айында Стамбулда өткөрүлөт. Ага Голливуддун жана Азия өлкөлөрүнүн кино жылдыздары калыстар тобуна тандалат.
Мерьем Үзерли 2019-жылы өткөн Азия кинофестивалында калыстар тобунда болгон.
Булак: Марал