2024-11-01
Түрмөк
Кыргызстанда бир суткада 109 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду
Кыргызстанда 6-сентябрга карата коронавирус дагы 109 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу – 1 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 101 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 845 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 109 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 582 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 624 киши айыгып чыкса, 2 миң 554 адам каза болду.