AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Казакстанда эмделбеген жарандардын жумушка баруусуна чектөө киргизилет

Казакстандын башкы санитардык дарыгери 6-сентябрдан тартып коронавируска каршы вакцина албаган адамдардын жумушка келип иштөөсүнө чектөө киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койду.

thumbs_b_c_e97cfeee0c9be92e2e7ecb0092ead6f9.jpg

Чектөө ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү болбойт. Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир жолудан ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттүү болушат. Мындай анализдин баасы 15 долларды түзөт.

Токтом кызмат көрсөтүү жана соода тармактарындагы дээрлик бардык мекеме-ишканалардын жумушчуларына карата иштейт. Аларга Калкты тейлөө борборлору, почта бөлүмдөрү, банктар, камсыздандыруу уюмдары, акча алмаштыруу жайлары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, фитнес-борборлор, сауналар, бассейндер, сулуулук салондору, нотариустар, базарлар, соода үйлөрү, көңүл ачуу жайлары, дүкөндөр, музейлер, китепканалар, театрлар, цирктер, автостанциялар, автобекеттер, аэропорттор, мейманканалар, санаторийлер, дарыканалар, коомдук тамактануу жайлары жана башка объектилер кирет.

19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталган. 4-сентябрга карата жарыяланган маалыматка ылайык, өлкөдө 5,6 миллион киши толук вакцина алса, 6,7 миллион адам биринчи дозасын сайдырды.

Июндун аягында бийлик иштеп жүргөн казакстандыктар үчүн эмдөөдөн өтүүнү иш жүзүндө милдеттүү кылган. Бул чечимге байланыштуу Жаңы-Өзөн шаарында бир нече нааразылык акциясы өтүп, катышуучулар вакцинадан баш тарткан жарандар жумушсуз калышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышкан.

Казакстанда калкты эмдөө үчүн негизинен ата мекендик QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан орусиялык "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Мындан тышкары өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm компаниясына таандык Hayat-Vax, кытайлык SinoVac компаниясынын СoronaVac жана орусиялык "Спутник Лайт" вакциналары жактырылган.

Өткөн жумада казак бийлиги октябрда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган америкалык өндүрүштөгү Pfizer вакцинасы келерин билдирген.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2