2025-01-10
Түрмөк
Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу режимде өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн-режиминде өтөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.
Белгилей кетсек, оффлайн-режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири –билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70%ын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 %ы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 %га жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү, алардын жылытуу мезгилине даярдыгы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышовдун айтымында, COVID-19 пандемиясына карабай, быйыл 59 мектеп жана 12 бала бакчанын курулушу аяктады.
Булак: Кабар
Министрлер кабинетинин башчысы суук аба ырайынын башталышы менен бардык социалдык объектилер жылуулук менен камсыздалышы керектигин белгилеп, билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларын оңдоону өз убагында бүткөрүүнү, ошондой эле аларды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.