2024-11-01
Түрмөк
25-августка карата 229 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду
Кыргызстанда 25-августка карата коронавирус дагы 229 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 102, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 46, Ош облусу – 8, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусу - 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 260 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 794 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 590 киши айыгып чыкса, 2 миң 498 адам каза болду.