2024-11-01
Түрмөк
Акыркы суткада 242 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду
Кыргызстанда 20-августка карата коронавирус дагы 242 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 81, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 71, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусу - 15 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 526 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 577 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 594 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 428 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 473 адам каза болду.