AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Улуттук банк эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын чыгарат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 16-августунан тартып Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

233871889_4445453005500462_4356819048067010938_n.jpg

Маалыматка ылайык, алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу «100 С» көрсөтүлгөн. Монетанын аталышы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл / Независимой Кыргызской Республике – 30 лет» монетаны тегерете түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинде улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми монетанын оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.

Күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана «30 жыл» (30 лет) жазуусу менен бириктирилген, Кыргызстандын ар бир регионунун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган.

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» жазуусу түшүрүлгөн.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2