AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Токаев казакстандык спортчулардын жыйынтыгына нааразы болду

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өз өлкөсүнүн спортчуларынын Олимпиадада көрсөткөн жыйынтыгына нааразы болду. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

1625217693bdka8_1000x768.jpg

Токаевдин айтымында, казакстандык спортчулардын Олимпиададагы көрсөткүчү өлкөнүн спорттук деңгээлине туура келбей, бул тармакка жумшалган каражатты актабай калган.

«Токиодогу Олимпиада оюндарына Казакстандан 93 спортчу катышты. Жеңишке болгон эркин жана чеберчилигин көрсөткөн спортчуларга ыраазычылык билдирем. Олимпиаданын коло байге ээлерин куттуктайм. Ал — көп күндүк талыкпаган машыгуулардын жыйынтыгы. Бирок улуттук кураманын 8 коло медаль алып, жалпы эсеп боюнча 83-орунга жайгашышы Казакстандын спорттук деңгээлине жана мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө жумшаган ири каражатына ылайык келбейт. Улуттук кураманын Олимпиададагы көрсөткүчү спорт тармагында реформа жүргүзүү керектигин айгинелеп көрсөттү», — деп жазган ал.

Аны менен бирге Токаев Токиодогу Олимпиада оюндарынан сабак алып, Парижде өтө турган оюндарда эл күткөн жыйынтыкты көрсөтүү керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиадада медалдардын саны боюнча биринчи орунду спортчулары 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло алып берген АКШ ээледи. Экинчи сапка 38 алтын, 32 күмүш жана 18 коло менен Кытай жайгашты. Ошондой эле 27 алтын, 14 күмүш жана 17 коло уткан Япония үчүнчү орун алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан 3 алтын, 2 коло утуп, 32-орун алды. Кыргызстан 2 күмүш,1 коло менен 70-орунду ээледи. Түркмөнстан 1 күмүш медаль утуп, 77-орунга жайгашты. Ал эми куржунуна 8 коло байге салган Казакстан 83-орунду ээледи. Тажикстандын спортчулары Токиодогу Олимпиадада медаль ала алышкан жок.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлдан 8 августка чейин болуп өттү. Ага 200дөн ашык мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу катышты. Кыргызстандан бул Олимпиадага 16 спортчу барды.

Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2