2025-01-11
Түрмөк
Алга Кылычевди аткан БШКнын депутаты камакка алынды
«Социал-демократтар» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевди бутка атууга шектелип, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов камалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Маалым болгондой, 7-августтун таңында «102» кызматына Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн бирине «Тез жардам» кызматы барганы, ал жерде бутуна ок тийген адам бар экени тууралуу маалымат түшкөн. РИИБ кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда өзүн жубайымын деп тааныштырган жаран жарадар болгон адамды «Тез жардам» ооруканага алып кеткенин, күйөөсүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т.Т. (Таалай Темиркулов) атканын айтып берген. Аялынын айтымында, Алга Кылычев менен Таалай Темиркулов алгач телефондон айтыша кеткен. Кийинчерээк Таалай Темиркулов ак түстөгү унаа менен Алга Кылычевдин үйүнө келип, телефондон сыртка чакырган. Ал чыгып кеткен көп өтпөй, тапанча атылып, аялы тышка чыкканда күйөөсүнүн бутун кармап жерде жатканын көргөн. Аткан адам унаасына отуруп кетип калган.
Айтылган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды. Тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда айтылган эки адамдын чатакташканы тууралуу маалымат тараган эле.
Марал