AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров менен Мирзиёев кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн талкуулашты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

68854844109844.730x0.jpg

Эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров эки боордош өлкөнүн дээрлик бардык тармактарын ичине камтыган кызматташтыгынын салттуу түрдөгү жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Ал көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын башында болуп өткөн иш сапарлар жана иш-чаралар, баарынан мурда анын Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары мунун ачык далили болуп саналат.

Президенттин айтымында, жетишилген конкреттүү макулдашуулардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн саясий эркин жана өзгөргүс позициясын билдирип турат. Мындан сырткары, соода-экономикалык кызматташуу боюнча жакынкы жылдарда соода көлөмүн эки миллиард АКШ долларына чыгаруу милдети коюлган.

Өз кезегинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жетишилген бардык макулдашуулар биргелешкен аракеттер менен ишке ашырыларына өз ишенимдерин билдиришти.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2