AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Токио-2020: Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде утулуп калды

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду.

ernazar_akmataliev_1.jpg

Ал 65 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешти 6-августта индиялык Бажраң Пуниа менен өткөрүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар индиялык спортчуга ыйгарды.

Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

27 жаштагы индиялык балбан Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесин уткан.

Ошондой эле бүгүн 125 кг салмакта кыргыз балбаны Айаал Лазарев жооткотуучу беттешке чыгып, түркиялык Таха Акгүлгө 4:0 эсебинде утулду.

Лазарев 5-августта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, чейрек финалга чыкпай калган. Америкалык спортчу финалга чыккандыктан кыргызстандык балбанга жооткотуучу таймашта күчүн сыноого жол ачылган эле.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

7-августта кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова да күчүн сынайт.

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 66-позицияда келатат. Олимпиадага 200дөн ашуун мамлекет катышууда.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2