AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте 15тен ашык вебкам-студиялары аныкталды

КР УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында чоң көмүскө киреше алып келген 15тен ашык "веб-камера студияларынын" ишмердүүлүгүн уюштурган туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

kolosova-cover-dtf-magazine-2.jpg

Маалыматка ылайык, бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан турган уюштуруучулар жаш кыздарга интернет мейкиндиги аркылуу онлайн секс кызматтарын көрсөтүү үчүн чоң өлчөмдөгү кирешени сунушташкан.

Бир студиянын жумалык көмүскө кирешеси болжол менен 90-100 миң АКШ долларына жетип, анын 5-10%ын гана бул тармактын жумушчуларынын кызматына акы төлөөгө бөлүнгөн.

2021-жылдын 3-августунда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары жумалык эмгек акыларын бөлүштүрүү учурунда кармалды. Алардын жашаган жеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жумушчулардын кызматына төлөнө турган 27 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү буюмдар алынды.

Тергөө тарабынан уюштуруучулар кылмыштуу кирешелерди кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө мыйзамдаштырышканы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине (Кармоонун негиздери) ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип, кылмыштын башкы уюштуруучусу "П.И." УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары вебкамера индустриясы тездик менен күч алып, чоң өлчөмдөгү кирешеси менен жаш муунду өзүнө тартып жатат. Акыркылары шантаж, интимдик тасманы ар кандай социалдык мейкиндиктерде таркатуу коркунучу алдында кылмыш ишин уюштуруучулардын барымтасында калышат.

Акыркы жылдары болуп жаткан көптөгөн кылмыштар, анын ичинде суицид, зордуктоо жана бул мыйзамсыз "өнөр" менен алектенген айымдарга карата зомбулуктун муну далилдеп турат.

КР УКМК анонимдүүлүк жана коопсуздук кепилдиги алдында, көрсөтүлгөн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан мындай аракеттердин курмандыгы болуп калган адамдарды УКМКнын нөөмөт кызматына телефон 0312 66-04-75 аркылуу байланышууну суранат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2