2025-01-11
Түрмөк
Акыркы суткада 840 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду
Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус дагы 840 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 476, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 131, Ош облусунда –31, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 1 миң 550 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 306 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 629 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 76 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 152 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 372 адам каза болду.