2025-01-11
Түрмөк
УКМК мурдагы премьер-министр Темир Сариевди кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.
КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 3-августундагы тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө тобу мурдагы премьер-министр Темир Сариевди камакка алуу чечимин кабыл алган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө аныктагандай, Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөн. Анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураган.
Бишкек шаардык соту 48 саат ичинде анын баш коргоо чарасын карайт.
Белгилей кетсек, «Кумтөр» иши боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн 2-августта Кыргызстанга мурдагы президент Аскар Акаев келген.