2024-11-01
Түрмөк
3-августка карата 797 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду
Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 445, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 123, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 51, Жалал-Абад облусунда – 70, Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.