AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргыз-тажик чек арасынын 40 чакырымы боюнча документке кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча тараптар орток пикирге келип, документке кол койгонун тажикстандык ЖМКлар жазды.

1040572856.jpg

Мындай макулдашуу эки тараптын делимитация жана деморкация боюнча өкмөт аралык комиссиясынын акыркы отурумдарында жетишилген.

Өкмөттүк комиссиялардын 40 чакырым чек ара боюнча бир пикирге келгенин Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев да ырастады. Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу комиссиянын акыркы отурумдары, түшүнүүчүлүк менен өтүп, чек араларды тактоодо жылыштар болуп жатканын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун 12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуусунун соңунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Тараптардын кийинки жолугушуусу август айынын башында Тажикстанда өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. 

Азаттык

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2